Чынгыз Айтматовдун повесттериндеги трагедиялуулук: «Бетме-бет», «Гүлсарат», “Ак кеме” повестеринин негизинде
Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.4, No. 3)Publication Date: 2015-07-20
Authors : Гүлзада СТАНАЛИЕВА;
Page : 144-166
Keywords : трагедия; трагедиялуулук; трагедиялык кырдаал-шарт; трагедиялык күнөө; трагедиялык конфликт; трагедиялык каарман.;
Abstract
ынгыз Айтматов XX кылымдагы социалдык катаклизмдерди, согуштун каарын, социалдык турмуштагы катаал чындыкты көркөм аңдоого умтулган, философиялык, нравалык- этикалык, экологиялык глобалдык маселелерди кабыргасынан койгон дүйнөлүк жазуучулардын бири. Анын чыгармаларынын негизинде аалам жана адам, адам жана табигат, жеке адамдын тагдыры жана идеология өңдүү маселелер камтылып, ал маселелер тарыхтын жана адам тагдырынын трагедиялуу учурлары аркылуу көркөм иликтөөгө алынат. Андыктан трагедия Айтматовдун чыгармаларынын негизги чордонунда турат деп айтсак жаңылбайбыз. Мунун өзү Айтматовдун чыгармасындагы трагедиялуулук кандай өңүттөн көрүнөт, кандай пафоско ээ деген суроону жаратпай койбойт. Бул суроого биз жазуучунун үч повестинен жооп издөөнү максат кылабыз. Алар: “Бетме-бет”(1957), “Гүлсарат”(1966), “Ак кеме”(1970) повесттери. Аталган повесттер кыргыз адабиятынын өнүгүү мезгилине туш келген учурда жаралган чыгармалар. Экинчи жагынан, бул үч повесть тең нагыз кыргыз дүйнөсүнүн, жашоо-турмушунун трагедиялуу кырларын чагылдырганы менен кызыгууну туудурат. Үчүнчүдөн, бул чыгармалардагы улуттук жашоо-турмуштун кырлары жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү көтөрөт. Булардан тышкары үч повестте тең трагедиялуулуктун мүнөздүү белгилери болгон – трагедиялык кырдаал-шарт, трагедиялык күнөө, трагедиялык конфликт, трагедиялык каармандардын тагдыр-турмушу орун алган. Ч.Айтматовдун чыгармаларында трагедиялуулуктун экспликациясы үчүн изилдөөдө тарыхый-филологиялык, о.э. контекстуалдык жана герменевтикалык анализ колдонулду.
Other Latest Articles
- Kırgızistan Seçimlerinin KTR Prime-Time Ana Haberlerine Yansıyışı: 2007 Parlamento Seçimleri Örneği
- MICROSTRUCTURAL EVALUATION OF THE LACQUERED LAYER QUALITY AFTER CORROSION LOAD
- Kadın Futbolcularda Sprint Sürati, Dikey Sıçrama Ve Kuvvet Parametreleri Arasındaki İlişkilerin İncelenmesi
- MICROBIAL HAZARDS REDUCTION DURING CREAMY CREAM CHEESE PRODUCTION
- Gyumri Negotiations (26 November-2 December 1920) during Turkish – Armenian Relations
Last modified: 2018-03-27 21:36:20