ResearchBib Share Your Research, Maximize Your Social Impacts
Sign for Notice Everyday Sign up >> Login

ЫЙЫК КУРАНДЫ ОРУС ТИЛИНЕ КОТОРГОН ЭҢ АЛГАЧКЫ МУСУЛМАН АЯЛ: ИМАН ВАЛЕРИЯ ПОРОХОВА

Journal: ULUSLARARASI TÜRK LEHÇE ARAŞTIRMALARI DERGİSİ (TÜRKLAD) International Journal Of Turkic Dialects Research Международный Журнал Исследований Тюркских Наречий (Vol.1, No. 2)

Publication Date:

Authors : ;

Page : 120-127

Keywords : Ыйык Куран; Котормо; Порохова; Орусча; Маанилери.;

Source : Downloadexternal Find it from : Google Scholarexternal

Abstract

Ыйык Кураны Карим түшкөн учурдан баштап эле, адам баласынын көңүлүн өзүнө буруп, жан дүйнөлөрдү эргитип келет. Ыйык Куран араб тилинде түшкөндүктөн анын маанисин түшүнүүдө араб улутундагы элге эч кандай кыйынчылыктар болгон жок. Дүйнөдө эне тили арапча болбогон нечендеген мусулман калкы жашап келет. Алар Ислам динин кабыл алгандан кийин ыйык Китепти түшүнүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушкан. Ошондуктан мусулман калкынын араб тилин үйрөнүүгө кызыктар экендигинин негизги себеби, ыйык Курандын маанисин түп нускасынан үйрөнүү болгон. Ал эми араб тилин үйрөнүүгө дарамети жетпеген мусулмандар Курандын маанисин өз тилдеринде которуп берүүчүлөргө муктаж болушкан. Мурунку аалымдар ыйык Курандын башка тилдерге которулуусуна чечкиндүү кадам шилтешкен эмес. Албетте, мунун бир канча себептери бар. Ал эми калкынын саны жагынан көпчүлүгү христиан динин тутунган орус элинин мусулмандар менен болгон алакасы Х. кылымдарда башталган. Ыйык Куран жана Ислам дини менен таанышуу XI. кылымдын башында башталганы айтылат. Ыйык Курандын котормосу орус тилинде 1871-жылы алгачкы жолу жарык көргөн. Ошондой эле, түздөн-түз арабчадан которулбастан, батыш тили аркылуу которулган. Акыркы маалыматтарга таянып айта турган болсок ыйык Курандын орус тилиндеги басылып чыккан котормосунун, жалпы саны отузга жакын. Мына ошолордун арасынан ыйык Куранды орус тилине которгон эң алгачкы орус улутундагы мусулман аял; бул- В. Порохова. Биз мына ошол котормочу аял жөнүндө изилдөө жүргүзүүнү максат кылдык. Макалабызда Порохованын өмүр баяны жана анын ыйык Куранды которуу методикасы тууралуу маалымат берүүгө аракеттенебиз.

Last modified: 2018-01-03 21:59:11