ResearchBib Share Your Research, Maximize Your Social Impacts
Sign for Notice Everyday Sign up >> Login

Кыргыз каганатынын бийлик структурасы

Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.5, No. 3)

Publication Date:

Authors : ;

Page : 379-385

Keywords : Кыргыз; каганат; каган; ван; мамлекет; тутук министрдик; титул;

Source : Downloadexternal Find it from : Google Scholarexternal

Abstract

Мамлекет менен бийлик жана аны башкаруу аппараты политогенез процессин аныктоодо маанилүү роль ойнойт. Тарых илиминде Кыргыз мамлекетинин саясий бийлик системасы туурасында так түшүнүк жок. Айрым илим адамдары Кыргыз өлкөсүн мамлекет деп аташса, кээ бирөөлөрү аны каганат деп белгилешет. Макалада Кыргыз каганатынын бийлик системасы изилдөөгө алынып, анда орун алган башкаруу бийлик аппараты талданат. Каганаттык бийлик түзүлүшү Борбордук Азиядагы этностордун саясий системасы үчүн мүнөздүү башкаруу бийлиги эсептелген. Бул жагынан алганда кыргыздар да каганаттык бийликти өздөштүрүшкөн. Ошол эле убакта Кыргыз каганатынын бийлик түзүлүшү Кытайдын Тан династиялык башкаруу бийлигинин аналогиясында курулгандыгы байкалат. Кыргыздардын мамлекеттик бийлик системасынын татаал мүнөзүнө караганда өлкөдө политогенез процесси каганаттык бийлик менен жыйынтыкталган.

Last modified: 2018-03-27 14:52:20