Финляндиянын билим берүү системасы жана эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери
Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.4, No. 3)Publication Date: 2015-07-20
Authors : Кадиян БООБЕКОВА; Жанан ГӨНҮЛАЛАН;
Page : 49-68
Keywords : билим берүү системасы; мектептин ийгилиги; реформа; билим берүү саясаты; эл аралык сынактар.;
Abstract
Көптөгөн жылдар бою чет мамлекеттердин кол астында калган Финляндия калкы азыркыга чейин өздөрүндө калыптанып калган окуу көндүмүн өнүктүрүп, өлкөсүндөгү түрдүү этникалык топтордун көптүгүнө карабастан билим берүү тармагында иштиктүү реформаларды жасаган. Соңку жылдардагы эл аралык PISA сынагында жана PIRLS, TIMSS жарыштарында Финляндиялык окуучулар математика, табигый илимдер жана окуу жөндөмү боюнча алгачкы орундарды алып келет. Өлкөнүн 2000, 2003, 2006, 2009 жана 2012- жылдардагы жогорку даражадагы көрсөткүчтөрү бардык дүйнөнүн, өзгөчө алдынкы орундарга ээ болгон башка OECD өлкөлөрүнүн да көңүлүн бурууда. Финляндиянын билим берүү системасын изилдөө максатында көптөгөн изилдөөчүлөр башка өлкөлөрдөн келүшүүдө. Бул эмгекте Финляндиянын билим берүү системасы, мектептеринин эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери жана ага таасир тийгизген факторлор анализденген. Алардын акыркы жылдардагы эл аралык сынактардагы ийгиликтерин изилдөө билим берүү системабыздын өнүгүүгө багыт алуусу үчүн өз салымын кошот деген ойдобуз.
Other Latest Articles
Last modified: 2018-03-27 21:26:46