ResearchBib Share Your Research, Maximize Your Social Impacts
Sign for Notice Everyday Sign up >> Login

«Замана» агымынын изилдениши

Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.4, No. 2)

Publication Date:

Authors : ;

Page : 119-129

Keywords : замана; агым; багыт; арман ыры; реакциялык агым;

Source : Downloadexternal Find it from : Google Scholarexternal

Abstract

«Замана» темасы кыргыз адабиятында көптөн бери талкууланып, бирок ушул күнгө чейин түйүнү чечилбей келе жаткан маселелердин бири. Айталы, замана ырлары көркөм идеялык мазмуну жагынан да, жанрдык табияты боюнча да так аныктамасын ала элек. Бул маселени чечүүдө «замана» темасын колго алган изилдөөлөрдү хронологиялык тартипте кароо талапка ылайык. Анткени, маселенин изилдениш тарыхына көз чаптыруу ага берилген айрым сыпаттамалардын берилиш себебин түшүнүүнү оңойлотот. Макалада «замана» поэзиясынын теориялык маселелеринин изилденүү деңгээли, багыты жана ага берилген айрым аныктамалар туурасында ой жүгүртүлөт. Тагыраак айтканда, аны адабиятка тиешелүү көрүнүш катары “агым” дегенге болобу, же оозеки көркөм сөз өнөрүнүн бир түрү катары гана бааланышы керекпи деген суроолор талкууга алынат. Жыйынтыгында, «замана» адабий бир агым катары каралуу менен бирге бул кубулуш оозеки көркөм сөз өнөрүнөн башат алган, бир жагынан чыгыш адабиятынан азыктанган, оозеки адабияттан жазма адабиятка өтүү процессин чагылдырган уникалдуу көрүнүш катары бааланат. Ачкыч сөздөр: замана, агым, багыт, арман ыры, реакциялык агым

Last modified: 2018-03-27 22:08:50