ResearchBib Share Your Research, Maximize Your Social Impacts
Sign for Notice Everyday Sign up >> Login

Кыргызстанда радикалдашуу маселеси жана аялдардын орду

Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.7, No. 3)

Publication Date:

Authors : ;

Page : 207-227

Keywords : Кыргызстан; аялдар; радикализм; экстремизм; терроризм.;

Source : Downloadexternal Find it from : Google Scholarexternal

Abstract

Акыркы жылдарда Кыргызстандагы Ислам жөнүндөгү түшүнүктөр чет өлкөлөрдөн келген диний агымдардын таасири менен өзгөрүүгө учуроодо. Коомдун көпчүлүк бөлүгү диний сабатсыздыгынан улам ар кандай диний агымдарга кирип кетишүүдө. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнөн кийин баштапкы этаптарда Кыргызстандагы исламдашуу процесси табигый феномен катары кабыл алынганы менен учурда өлкөнүн бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч туудуруучу радикалдык, экстремисттик, террордук ишаракеттердин активдешүүсү байкалууда. Өзгөчө аялдардын да радикалдык, экстремисттик топторго кирип кетүүлөрү, атүгүл Сириядагы согушка барып кошулуулары Кыргызстандагы диний абалдын өтө курч маселеге айланганын тастыктоодо. Бул изилдөөдө социалдык тармактардагы маалыматтардын жана интервьюлардын негизинде аялдардын радикалдашуусуна себеп болгон факторлорду түшүнүүгө аракет жасалды. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында аялдардын түрдүү диний агымдарга кирип кетүүлөрүнө экономикалык-социалдык кризисти негизги фактор катары көрсөтүү мүмкүн болсо да, акыркы жылдарда диний идеологиянын манилүү орунга ээ экендиги көрүүлүүдө. Учурда мындай абал “пассивдүү феномен” катары проблема эместей көрүнсө да, келечекте коомдук чоӊ көйгөй катары “жарылышы” мүмкүн.

Last modified: 2018-10-11 02:29:59