ResearchBib Share Your Research, Maximize Your Social Impacts
Sign for Notice Everyday Sign up >> Login

АБУ МАНСУР АЛЬ- МАТУРИДИНИН АХЛИ КИТЕП БОЮНЧА КӨЗ КАРАШЫ

Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.6, No. 4)

Publication Date:

Authors : ;

Page : 289-301

Keywords : Ахли китеп; Аз. Иса; Нубувват; Тавхид; Христиан;

Source : Downloadexternal Find it from : Google Scholarexternal

Abstract

Кыскача мазмун Улуу ислам аалымдарынан болгон абу Мансур аль –Матуриди тавхид акыйдасын алдыга чыгаруу максатында чоң кадам жасап, ага зыян келтирген ички жана тышкы терс таасирлерден жок кылганга аракет жасаган. Бул маселеде ал, Ислам дининин тавхид акыйдасын акылга жана логикага эң ылайык экендигин айтып, кез –кези менен башка диндердин кудай түшүнүгүнсынга алып келген. Ал өзүнүн «Китабу Тавхид» атту эмгегинде Христиан дининин Аз. Исага байланыштуу айткан кудай жөнүндөгү ишенимин акыл жана логиканын усулу менен сынга алган. Ал бул маселени эмгегинин «Пайгамбарлык» бөлүмүндө баяндаган. Матуриди бул бөлүмдө Аз. Мухаммед (а.с.) пайгамбар экенин талкуулоо менен биргеликте Христиандардын Аз. Исанын табияты боюнча айткан көз караштарын жокко чыгарган. Аз. Исаны кудайдын уулу деген Христиандарды сынга алган имам матуриди, Христиандарды бир нече топко бөлүп караган. Алардын бири Аз. Исанын инсандык деп аталган «насути» сыпатка жана теңирдик деп аталган «лахути» сыпатка ээ болуп, үч кудай делген Ата, Уул жана Ыйык Рух кудайдын бир бөлүгү деп айткан топ. Экинчиси болсо. Теңирден бир бөлүк эмес. Масихтеги рухтун теңирдин өзү деп айткан топ.

Last modified: 2018-03-20 22:52:31