КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ МИГРАЦИЯСЫНЫН ДИНАМИКАСЫ ЖАНА АНЫН СЕБЕПТЕРИНИН АНАЛИЗИ
Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.6, No. 4)Publication Date: 2017-10-25
Authors : Сулайманова Бурулча Бактыбековна;
Page : 303-331
Keywords : тышкы миграция; акчалай которуулар; Кыргызстан;
Abstract
Аннотация Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүгүн жарыялаган соң, саясий жана экономикалык жактан эркиндикке ээ болуу менен бирге, жарандарынын дагы чет өлкөгө эркин чыгуу кыймылы башталган. Айрым илимий изилдөө мекемелеринин жана адистердин эсептөөлөрү боюнча, жумушчу мигранттардын саны 600 миң адамга чейин жетүүдө. Бул экономикалык активдүү калктын 10 пайызынан жогору. Ал эми акчалай которуулардын ИДПга болгон катышы боюнча, 2014-жылы Кыргызстан 30,3% менен дүйнөдө экинчи орунду ээлеген. Миграциянын себептерин аныктоо жана анын жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн бул маселенин эмпирикалык жактан терең изилдениши абдан маанилүү. Ошондуктан бул эмгекте Кыргызстандын калкынын миграциясына себеп болгон факторлорду эмпирикалык жол менен изилдөө максат кылынды. Эмпирикалык анализ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жарыяланган жылдык маалыматтардын жана «Кыргызстандагы жашоо» аттуу сурамжылоонун маалыматтарынын негизинде жасалды.
Other Latest Articles
- АБУ МАНСУР АЛЬ- МАТУРИДИНИН АХЛИ КИТЕП БОЮНЧА КӨЗ КАРАШЫ
- BİREYSEL DİNİ TECRÜBE VE İŞLEVSELCİLİK AÇISINDAN KUR’AN KISSALARI
- DAVUD EL-KAYSERÎ’YE GÖRE SÛFÎ EPİS TEMOLOJİSİNİN TEMEL BİR KAVRAMI OLARAK “KEŞF” VE TÜRLERİ
- BATI ÜLKELERİNDE DİN EĞİTİMİ: GENEL BİR BAKIŞ
- THE PERCEPTION OF KARRÂMİYYA IN MÂTURÎDÎ RECOURCES
Last modified: 2018-03-20 22:53:55