ResearchBib Share Your Research, Maximize Your Social Impacts
Sign for Notice Everyday Sign up >> Login

Казахстандын экспорт, экономикалык өсүш, импорт, валюта курстары жана бюджет дефицитинин байланышынын VAR-анализи

Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.5, No. 1)

Publication Date:

Authors : ;

Page : 229-237

Keywords : экономикалык өсүш; экспорт; импорт; валюта курсу; VAR анализи; бюджет дефицити.;

Source : Downloadexternal Find it from : Google Scholarexternal

Abstract

Бул иштин максаты, Казакстандын экспорт, импорт, экономикалык өсүш, түз чет өлкө инвестициялары, акча базасы, валюта курстары жана мамлекеттик бюджеттин дефицити ортосунда себептүүлүк байланышын аныктоо үчүн VAR моделин (вектордук авторегрессия модели) түзүп, эконометрикалык ыкмалар жардамында анализдер жүргүзүп жыйынтык чыгаруу. Анализде колдонулган убакыт катарлары Казакстандын улуттук экономика Министрлигинин статистикалык комитетинен жана Улуттук банкынын интернет сайтынан алынган. 2005:1 – 2014:3 периоду аралыгындагы кварталдык берилиштер колдонулду. Анализде колдонулган өзгөрмөлөрдүн баары 2005- жыл=100 базалык болуп алынды, колдонулган өзгөрмөлөрдүн туруктуулугун текшерүү үчүн Кеңейтилген Дики–Фуллер (Augmented Dickey-Fuller) тести жасалды. Изилдөөнүн жыйынтыгында, кыска мөөнөт аралыгында Казакстандын экономикалык өсүшүндөгү (ИДП) өзгөрүүнүн басымдуу бөлүгү экспортко байланыштуу экени аныкталды. Ал эми экспорттун өзгөрүшү тенгенин рублге карата баасына, башкача айтканда валюта курсуна байланыштуу экени тастыкталды.

Last modified: 2018-03-27 20:01:29