ResearchBib Share Your Research, Maximize Your Social Impacts
Sign for Notice Everyday Sign up >> Login

Кыргыз жана огуздардын этникалык байланыштарынын башаты

Journal: MANAS Journal of Social Studies (Vol.4, No. 5)

Publication Date:

Authors : ;

Page : 359-373

Keywords : Кыргыз; кырк гуз; Огуз хан; Ашина; теле; динлин.;

Source : Downloadexternal Find it from : Google Scholarexternal

Abstract

Калктардын этникалык башшатын аныктоодо этнофольклордук материалдар арасынан айрыкча санжыралык маалыматтар маанилүү роль ойнойт. Санжыралык материалдарда байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу маалыматтар арбын учурайт. Аларды кытай булактарында айтылган кабарлар менен салыштыруу ыкмасы б. з. III-V кк. өткөн тарыхый процессти калыбына келтирүүгө көмөк берет. Жазма булактарда эскерилген кыргыздардын динлиндер менен аралашып кеткендиги туурасындагы маалыматты талдоо жолу, динлин – теле – огуз этносунун тектик тарыхы бир болгондугун көрсөтөт. Жазма булактарында теле урууларынын катмарынан чыккан сеяньтолор менен кыргыздардын ортосунда этносаясий алакалар болгондугу катталган. Кыргыздардын этникалык тарыхына байланышкан огуздардын катышы туурасындагы маалыматтар саныжарыларда дагы чагылдырылат. Санжыралык жана фольклордук кабарларды тарыхый булак материалдары менен салыштыруу байыркы өткөн этникалык алакаларды калыбына келтирүүгө жардам берет.

Last modified: 2018-03-27 21:00:22